Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Исфара: үй-бүлөнү атып кеткендердин дайынын билгендерге сыйлык жарыяланды


Тажикстандын Исфара районундагы үй-бүлөнү атып кеткен кылмышкерлер туурасында туура маалымат бергендерге Согди облусунун милиция башчысы 10 миң доллар сыйлык жарыялады.

Кечээ атылган үй-бүлөнүн келини жана 1996-жылы туулган небереси аман калган. Алар бүгүн күч органдарына сурак берип жатышат. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Рыспеков “Азаттыкка” кыргыз тарап да аларды суракка алууга аракет кыларын билдирди.

Кечээ таңкы саат төрттө Тажикстандын Исфара районуна караштуу Чорку айылдык кеңешинде белгисиз топ Абдукахор Халлоков аттуу тургундун үй-бүлөсүн атып кеткен. Атылган Абдукахор Халлоков Кыргызстан менен чектеш «Участка -5» деген жерде жашаган. Кылмышкерлер Абдукахор Халлоковду, анын аялын, кызын жана небересин башка атып өлтүрүшкөн. (AzK EBM)

XS
SM
MD
LG