Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Сербияда кыргыз балбандар эки коло байге алышты


Грек-рим күрөшү боюнча шейшембиде башталган таймашта 50 кг. салмактагы Нусупбек Топчубаев израилдик, сербиялык жана казак балбандарды утуп, коло медалга ээ болду. 100 кг. салмактагы Бексултан Махмудов украиналык жана америкалык атаандаштарын жеңип, жарым финалда сербиялык балбандан утулуп калды. Коло медаль үчүн таймашта ал Бельгиядан келген балбанды утуп, Дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду алды. Бүгүн Кыргызстандык төрт балбан Нурбек Максатбеков, Баяман Эрназаров, Бурге Бейшалиев жана Самат Чоңаралиев таймашка түшөт.

Сербиянын Зренянин шаарында шейшембиде уландар арасында Дүйнө чемпионаты башталган. Анда грек-рим, эркин жана кыздар арасында күрөш боюнча таймаштарга Кыргызстандан жыйырмага чукул балбандар катышууда. Мелдеш 25-августта жыйынтыкталат. (AzK)

XS
SM
MD
LG