Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Сирия: армияны "химиялык курал колдонду" деп айыпташты


Активисттер Дамаскинин четиндеги Гута районунда химиялык куралдан өлдү делгендердин жасатын текшеришүүдө, 21-август, 2013
Активисттер Дамаскинин четиндеги Гута районунда химиялык куралдан өлдү делгендердин жасатын текшеришүүдө, 21-август, 2013
Президент Башар ал-Асаддын режимин оппозиция бүгүн эртең менен Дамасктын четиндеги атышууда "ууландырчу зат менен дүрмөттөлгөн ракета атты" деп айыптады. Оппозициялык Улуттук кеңештин лидери Ахмед ал-Жабра “Ал-Арабия” каналына сүйлөп, андан кеминде 100 адам өлгөнүн айтты. Аталган кеңеш бүгүн баш калаанын бир топ райондорундагы чабуулдарда жалпысынан 650 адам өлгөнүн кабарлады.

Анын расмий өкүлү Халед Салех бүгүн Стамбулда “Рейтер” агенттигине сүйлөп: “Бул – гумандуулуктун, Бириккен улуттар уюмунун, эл аралык коомчулуктун жаагына урулган шапалак”, - деди.

"Химиялык курал баллистикалык ракетага дүрмөттөлгөнү айкын болду. Карапайым элге каршы бул өңдүү чабуул режимдин гана колунан келет", - деди Салех.

Сириянын өкмөтү химиялык курал колдонгону жөнүндө маалыматты “жалган” деп четке кагууда. Жекшембиде Дамаскка Бириккен улуттар уюмунун инспекторлору келишкен. Алар химиялык курал колдонулганы айтылган буга чейинки окуяларды изилдөө максатында барышкан. Оппозиция азыр чет өлкөлүк инспекторлорду ондогон адамды өлтүргөн соңку окуяны да иликтөөгө чакырышууда.

Буга чейин Сириядагы өкмөттүк аскерлер да, козголоңчулар да бул өңдүү куралды колдонгон деп бири-бирине айып тагып келишкен.

XS
SM
MD
LG