Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

“Мекен шейиттери” сот залында келтирген чыгымды төлөштү


Бул тууралуу “Мекен шейиттери” уюмунун жетекчиси Осунбек Жамансариев "Азаттыкка" билдирди. Аталган чыгым 17-июлда, сот залындагы жаңжал учурунда келтирилген. Буга чейин алар 78 миң сом деп эсептелген чыгымдын 30 миңин төлөп беришкен. Бүгүн калган 47 миң сомду алып келип беришти.

- Бизге “силер жасадыңар, төлөп бергиле” деген талап деле болгон жок, биз өзүбүз төлөп коелу деп чечтик ”,-деди Жамансариев.

Ал бүгүн Аскердик сот чечим чыгарган соттолуучу Сергей Цигельников боюнча мындан аркы инстанцияларга кайрылбай турганын да айтып, убакытты создурбай, сот ишинин жылышына кызыкдар экендигин белгиледи.

Бүгүн Аскер соту Цигельниковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча “Мекен шейиттери” уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариевдин арызын канааттандырган жок. Соттолуучу Сергей Цигельников үй камагында калды. (AzK)

XS
SM
MD
LG