Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:17

Казак соту адвокатты психиатриялык ооруканада калтыруу чечимин чыгарды


Зинаида Мухортова
Зинаида Мухортова
Казакстанда сот өкмөттүк чиновниктерди айыптаган адвокат Зинаида Мухортованы психиатриялык ооруканада калтыруу боюнча прокуратуранын сунушун колдоду. Балхаштагы сот чечимди кечээ кечке жуук чыгарды.

Тогуз ай мурда психиатриялык дарылоого күчтөп жаткырылган адвокат Мухортова болсо акыл-эси жайында экенин айтып, бийликтердин аракетин саясий жүйөлөр менен түшүндүрөт. Адвокаттын ишениминде, ага каршы чабуул алгач губернаторду айыптагандан кийин башталган.

Мухортованы күч менен дарыялоо 9-августта кайра башталган. Адам укугун коргоо боюнча эл аралык Human Rights Watch уюму өткөн аптадагы билдирүүсүндө казак бийликтеринен аны клиникадан чыгарууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG