Бул туурасында “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо департаментинин маалымат катчысы Наргиза Бейшеналиева билдирди.
Кечээ сымап табылган Жал кичи райондорунун тургундарынын ден соолугун №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери текшерди. Медициналык кароодон өткөн 346 кишинин анализинин жыйынтыгы эртең чыгат.
Мындан тышкары 40 метр квадрат аймакта профилактикалык тазалоо иштери жасалды. Сымап табылган жерден анализ алынып, лабораториялык изилдөөгө жиберилди. Анализдин жыйынтыгы эртең белгилүү болот.
Кечээ Бишкектеги Жал микрорайонунда, түшкө маал машинелер токтоочу жайда 285 грамм сымап төгүлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери ал жерди тазалап кетишкен. (AzK)