Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Казакстан: көз карандысыз журналист токмоктолду


“Свобода слова” гезитинин кабарчысы Игорь Ларраны өлкөнүн түндүк-батышындагы Ак-Төбө шаарында сабашкан.

Журналисттердин укугун коргоочу “Адил Сөз” уюмунун маалымдашынча, кабарчыны шейшемби кечинде белгисиз төрт адам темир союл менен сабаган. Башынан алган оор соккудан Ларра эсин жоготуп койгон. Анын айтымында, кол салгандар анын акча салган капчыгын жана башка буюмдарын алган эмес.

Ошондуктан, ал кол салууну кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырып жатат. Ларра жакында Ак-Төбө облусунун губернаторун сындаган макалаларды жазганын билдирүүдө. Ошондой эле ал бул окуя боюнча укук коргоо органдарына арыз жазса да, эч чара көрүлбөй жатканына нааразы.

XS
SM
MD
LG