Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Бишкек-Ош жолунда кырсыктан жети киши каза болду


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат-кызматынын билдиришинче, 21-августта саат түнкү ондор чамасында Бишкек-Ош жолунун 373- чакырымында “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү автоунаа Кара - Суу дарыясына түшүп кеткен. Ага айдоочунун рулду башкара албай калганы себеп болгон.

Кырсыктан бир адам жабыркап, жети киши каза болгон. Мерт болгондордун
төртөө милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жерине, жабыркаган 36 жаштагы бир аял ошол эле ооруканага жеткирилген.

Дарыядан крандын жардамы менен автоунааны чыгаруу маалында анын ичинде калган эки жаш баланын жана бир аял кишинин сөөгү сууга агып кеткен. Таш-Көмүр шаарынан жиберилген жыйырма куткаруучу аларды издеп жатат. (AzK/YA)

XS
SM
MD
LG