Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Мандаты алынган “Ата-Журтчу” депуттардын күбөлүктөрү эртеңден тарта жараксыз болот



Борбордук шайлоо комиссиясынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, үч депутаттын мандаттарынын алынышы боюнча токтом эртең жума күнү “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланат. Токтом жарыяланган күндөн тарта депуттардын күбөлүктөрү күчүн жоготот. Токтомдун тексти бүгүн БШКнын сайтына илинди.

20-августта БШК Жогорку Соттун чечиминин негизинде “Ата-Журт” партиясынын үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун мандаттарын алган.

Жогорку Сот 6-августта “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду күнөөлүү деп тапкан. Жогорку Соттун өкүмүн жана БШК чечимин депутаттар саясий чечим деп баалап жатышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG