Бул туурасында “Азаттыкка” Өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр күн сайын жүрүүдө жана иштин көлөмү абдан чоң болгондуктан тараптар ар бир пункт боюнча макулдашып жатат. Эки жумадан кийин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат.
Кечээ өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Дүйшөмбүдөн келээри менен “Центерра голд инк.”компаниясынын жетекчилиги менен жолуккан. “Центерра” компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн эки тараптуу сүйлөшүүсү 17-августта башталган. Буга чейин өкмөт башчы “Кумтөр Оперейтинг” жана “Кумтөр Голд” компанияларын бириктирип бир ишкана түзүү, “Центерра голддун” директорлор кеңешине эки тараптан теңме-тең мүчөлөрдү дайындоо боюнча макулдашылганын билдирген болчу.
Жогорку Кеңеш жазында Кумтөр кениндеги абалды талкуулагандан кийин "Центерра голд инк.” компаниясы менен сүйлөшүү үчүн кыргыз өкмөтүнө үч ай берген. Кийин бул мөөнөт күзгө чейин узартылган.(АzK)