Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:42

Казакстан аймагында кармалган кыргыз жарандары боюнча тараптар сүйлөшөт


Бул туурасында бүгүн Кыргызстандын вице-премьер министри Токон Мамытов Казакстандын аймагында кармалып жаткан кыргыз жарандарынын туугандарын кабыл алууда билдирди. Анын айтымында, бул иш боюнча 26-августта Бишкекке Казакстандан өкүлдөр келет.

27-28-августта Токон Мамытов Казакстанга сүйлөшүүлөргө барат. Ал Тышкы иштер министрлигине жана Кыргызстандын Алматыдагы консулдугуна кармалган балдардын абалынан кабар алуу тапшырмасын бергенин билдирди. Токон Мамытов кармалган жарандардын айрымдарынын жанында курал болгондугу аларды бошотуп алуу маселесин оорлотуп жатканын билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларында Казакстан “чек араны бузду” деп 13 кыргызстандык жаранды кармап кеткен. Кийин алардын экөөсү бошотулган. Ушул тапта 11 жаран кармалуу бойдон. Казак тарап кармалгандарга тиешелүү мал жандыктарды кайтарып беришкен.(AzK)

XS
SM
MD
LG