Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Баткен: Ак-Сай тургундарын жайытка аскер машинеси коштоп барууда


Бул туурасында “Азаттыктын” жергиликтүү кабарчысы билдирди. Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары жайлоо, жайытка барыш үчүн Тажикстандын Ворух анклавы аркылуу өтүшү керек.

Исфарадагы окуядан кийин коопсуздук үчүн карапайым жарандарды атайы бөлүнгөн аскер машинеси Ворух анклавы аркылуу коштоп алып өтүп жатат. Азыр Самаркандек, Ак - Сай айылдарында, Тажикстан менен чек аралаш аймактарда абал тынч. Күч кызматтары чек арадагы абалды көзөмөлдөп жатышат.

Тажикстандын Чорку, Ворух айылдарына кандайдыр бир кокустуктар болуп кетпесин деп кыргыз тараптан кирген-чыккан киши жок. Буга чейин Исфарадагы кандуу окуядан улам, кыргыз-тажик тараптын күч түзүмдөрү карапайым жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча келишимдерге кол коюшкан.

20-августта таңкы саат төрттө Тажикстандын Исфара районуна караштуу Чорку айылдык кеңешинде белгисиз топ Абдукахор Халлоков аттуу тургундун үй-бүлөсүн атып кеткен. Атылган Абдукахор Халлоков Кыргызстан менен чектеш 5-бригада деген жерде жашаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG