Санитардык эпидемиологиялык инспекциясынын бөлүм башчысы Абдыкадыр Жороевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Ооганстанда холера оорусу катталгандыгына байланыштуу Кыргызстанда дагы көзөмөл иштери башталды.
Мамлекеттик чек араларда санитардык көзөмөл пункттары тиешелүү аппараттар менен келген-кеткен кишилерди текшерүүдө. Кыргызстандагы дарылоо мекемелери дары-дармектерди, дезинфекциялык каражаттарды камдап жатышат. Оору суу аркылуу дагы коркунуч жараткандыктан, арык-каналдар текшерилүүдө. Жороев саламаттыкты сактоо тармагында ооруну алдын алып, анын тарап кетишине жол бербөөгө мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
Бул оору жакынкы күндөрдө Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен Бадахшан провинциясында башталды. Буга байланыштуу Тажикстан кечээ чек арадагы үч өткөрүү пунктун жапты. Айрым маалыматтар боюнча Ооганстанда холерага бир жарым миңдей киши кабылып, каза болгондор да бар экени айтылууда.
Холера– өтө тез тарай турган, өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оору. Ооруну холералык вибриондор күчөтөт. Аталган микроорганизм немис окумуштуусу Роберт Кох тарабынан 1883-жылы ачылган. (AzK)