Зимбабвенин 89 жаштагы президенти Роберт Мугабе бүгүн президент катары ант берди. Ал 31-июлда кезектеги беш жылга шайланган. Мугабе Зимбабвени 33 жылдан бери башкарып келе жатат.
Оппозиция лидери Морган Цвангираи шайлоо башынан аягына чейин мыйзам бузуулар менен өткөнүн жарыяласа, АКШ менен Евробиримдик шайлоонун адилет өтпөгөндүгү тууралуу кооптонууларын билдиришкен. Бирок башка көптөгөн африкалык өлкөлөр шайлоо жыйынтыгын таанышты.
Батыш Мугабени авторитардык башкаруучу катары кабыл алып, ал адам укуктарын бузгандыгы жана өлкөнүн начар экономикалык абалы үчүн күнөөлөнүп келет (AiK)