Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:52

БУУ: Сириядагы химиялык куралдын колдонулушун текшерүү керек


Сирия, газ чабуулуна ууланды делген бала. 21-август August 21, 2013-жыл
Сирия, газ чабуулуна ууланды делген бала. 21-август August 21, 2013-жыл
Сирия оппозициясы кечээ өкмөттүк аскерлерди “химиялык курал колдонду” деген Дамасктын айланасындагы райондорду президент Башар ал-Асаддын күчтөрү бүгүн да аткылап жатышат.

Оппозиция шаршембиде шаардын айланасындагы конуштарда өкмөттүк аскерлер химиялык курал колдонуп, андан 1300гө жакын адам мерт болгонун кабарлаган. Айрым кабарларды курмандыктардын саны 136 деп айтылууда. Бүгүн муну БУУнун Коопсуздук кеңеши жабык жыйында талкуулап, “окуяны тез арада бейтарап" иликтеш керек деген жыйынтыкка келди. Бул боюнча БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да тынчсыздануусун билдирди. Ал арада Сирия өкмөтү айыптоолорду четке кагып, өкмөттүк аскерлердин мыкты операцияларына ичи күйгөн оппозиция соңку чабуулду өзү ойлоп тапты деп актанууда.

Ушул күндөрү Сирияда жүргөн эл аралык эксперттер “химиялык курал колдонулду” делген буга чейинки жагдайларды иликтөө үчүн барышкан. Ошол чабуулдар үчүн да жарандык согуштагы эки тарап тең бири-бирин күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG