АКШ Сирияда акыркы күндөрү химиялык курал колдонулганын тактоого мүмкүн болбой жатканын билдирди.
Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жен Псаки Дамасктын айланасында химиялык курал колдонулду деген маалыматты тактоо үчүн АКШ болгон аракетин жумшап жатканын кабарлады. Анын айтымында, президент Барак Обама америкалык атайын кызматтарга оппозиция айтып чыккан маалыматтын чын-бышыгын билүү тапшырмасын берди.
Оппозиция өкүлдөрү шаршембиде өкмөттүк аскерлердин акыркы күндөрдөгү химиялык чабуулунан баш калаа Дамасктын айланасында 500дөн 1300гө чейин адам каза тапканын айтып чыккан. Бирок көз карандысыз булактар муну тастыктай элек. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия бийликтерин учурда бул өлкөдө жүргөн эл аралык эксперттерди жаңыдан химиялык курал колдонулду деген аймакты текшерүүгө шарт түзүүгө чакырды.