Бул тууралуу аталган компаниядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, алгач Бөкөнбаев айылынан Тоң айылына чейинки 3 чакырым жолду толугу менен асфальттоо каралууда. Андан соң башка участкалар оңдолмокчу. Жолду октябрдын аягына чейин оңдоп бүткөрүү мерчемделүүдө.
Буга чейин май айында Жети-Өгүздүн тургундары Кумтөрдү иштетүүгө каршы нааразылык акциясына чыккан. Анда компания өкүлдөрү жолду оңдоо убадасын берген. Жакынкы эки жыл ичинде азык-түлүктүн 80 пайызга жакынын жергиликтүү элден алууга да макул болушкан.(BkA)