Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

Ысык-Көл: чума оорусу тастыкталган жок


Саламаттыкты сактоо министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, кечээ Ысык-Көлдө чумага шектелип каза тапкан өспүрүмдөн алынган биринчи анализдин жыйынтыгы чыгып, чума оорусу тастыкталган жок. Ушул тапта биопробалар лабораториялык чычкандарга да коюлуп, текшерилип жатат. Каза болгон өспүрүмгө "колтук жана жаак алдындагы сол тараптуу лимфаденит" (бездин чочушу-ред.) деген диагноз коюлду.

Кечээ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасында эртең мененки саат сегизде 15 жаштагы өспүрүм эти ысып ооруп кайрылган. Ал чума оорусуна шектелип, реанимация бөлүмүнө которулган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан бала түнкү саат тогуз жарымда каза болгон. Өспүрүм Кашка-Суу жайытынан Ичке-Жергез айылына келгенде 17-августта ооруп калган.

Бул окуя боюнча атайы республикалык штаб түзүлүп, жугуштуу оору очокторун көзөмөлдөө иштери башталды. Ысык-Көл облусуна кечээ түнү атайын адистерден турган көчмө топ чыгып кеткен. (AzK)

XS
SM
MD
LG