Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Бишкекте токсондон ашык май куйуучу жай бар


Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчиси Төлө Исаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, алар мындан ары машинеге май куйган жайларды курууга тыюу салуу боюнча шаардык мэрияга, Башкы архитектурага, Мамлекеттик курулуш агенттигине жана өкмөткө кат жолдогону жатышат.

Адистин айтымында, эрежеге ылайык шаардагы май куйуучу жайлар эл жашаган имараттардан 50 метр алыс болушу керек. Бирок 1999-жылдары бул жобо өзгөртүлүп, аралык 25 метрге кыскарган. Бул жагдай май куйуучу жерге жакын жашаган шаар тургундарынын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирет. Ушул тапта Бишкекте жалпы 96 май куйуучу жай иштейт.(AzK)

XS
SM
MD
LG