Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Мамлекеттик каттоо кызматы коррупцияны азайтуу жолун издеп жатат


Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин башчысы Нарынбек Исабеков бүгүн маалымат-жыйында билдирди. Анын айтымында, кыймылсыз мүлккө байланыштуу процесстерде коррупциялык жагдайларга, көз боёмочулуктарга жол бербөө максатында айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди.

Мындан ары алыска кетип жаткан жарандар үй-мүлкүн Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу камакка алып койсо болот. Мунун өзү узак мөөнөткө ижарага берилген үйлөрдүн шылуундар тарабынан жасалма документтер аркылуу сатылып кетишине бөгөт коёт. Мындан ары кыймылсыз мүлккө тийиштүү бардык документтер электрондоштурулуп, атайы архив түзүлөт. Ага ылайык, кыймылсыз мүлк сатып алгысы келгендер анын буга чейинки таржымалы менен мамлекеттик каттоо кызматына келип онлайн тааныша алышат.

Былтыр Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген 40 кишиге коррупциялык иштер боюнча кылмыш иши козголгон. Алардын сегизи Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин кызматкерлери болуп саналат. Эки кызматкер соттолгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG