Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:10

Хабаровскиде Амур дарыясынын деңгээли көтөрүлүүдө


Бүгүн Хабаровскиде дарыянын деңгээли 7 метрден ашты. Бул 1898-жылкы рекорддон 71 сантиметрге көп. Чукул кырдаалдар министрлиги Ыраакы Чыгышта 23 миңдей адам коопсуз жерлерге көчүрүлгөнүн маалымдады. Хабаровск менен Комсомольск-на-Амурени туташтырган даңгыр жолдун маанилүү бөлүгү топон суунун астында калгандыктан, автоунаа каттай албай калганы расмий кабарланды. Амур дарыясынын этегиндеги Комсомольск-на-Амуре шаары суу ташкынга каршы камданууда. Биробиджан регионунда суу тартылып калган. Бирок бул жакта катуу жаандан улам дарыя кайра кирет деп күтүлүүдө. Орусиянын метеорологдору дагы эки күн бою жамгыр нөшөрлөп куят деп боолгошууда.

XS
SM
MD
LG