Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Кыйраган “Протон-М” ракетасы үчүн жооптуулар жазаланды


Орусиядагы М.В. Хруничев атындагы космостук илимий-техникалык борбордун үч жетекчиси кызматтан алынды.

Өткөн айда “Протон-М” ракетасы Казакстандын Байкоңур космодромунан абага көтөрүлүп жатып, авария болгон. Ракета Жердин орбитасына үч жандоочу станцияны алып бараткан. Үч сателитти жоготуудан казына 200 миллион доллар чыгым тартканын маалымат булактары кабарлаган.

Вице-премьер министр Дмитрий Рогозиндин бүгүн журналисттерге билдиришинче, борбордун башкы директорунун орун басары А. Кобзарь, тармактык директор В. Греков жана техникалык контролдоо кызматынын башчысы М. Лебедев кызматтан бошотулду. Рогозиндин айтышынча, борбордун бир нече кызматкерине сөгүш жарыяланып, авариянын себеби иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG