Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Иранга уран сатмак болгон Сьерра Леоненин жараны кармалды


Кошмо Штаттар Сьерра леонелик жаранды Иранга сары уран сатканга арачылык кылууга аракеттенди күнөөлөдү.  33 жаштагы африкалык шаршемби күнү Нью-Йорктун Жон Кеннеди атындагы аэропортунда Сьерра Леонеден учуп келээр менен камакка алынган. Соттун маалымдашынча, анын чемоданындагы туфлийдин таманына сатылчу урандын үлүсү жашырылган экен.  Ал аты аталбаган америкалык агент аркылуу Иранга 1 тоннага жакын сары уран сатууга далдалчылык кылмак болгон. Сьерра леонелик   жарандын айыбы мойнуна коюлса, 20 жыл абакка кесилет жана 1 миллион доллар айып пул төлөйт. Байытылган сары уран ядролук реакторго отун жана атомдук бомбага дүрмөт катары пайдаланылат.

 

XS
SM
MD
LG