Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Гераттыктар Ирандын саясий оюндарына нааразы


Ооганстандын батышындагы Герат провинциясынын активисттери Иранды аймактагы кырдаалга кийлигишет деп нааразылык билдиришти.

Жума күнү Герат шаарында болгон акцияга саясий активисттер, диниятчылар, уруу аксакалдары катышты. Жергиликтүү саясатчы Абдул Кадыр Камил “Эркин Ооганстан” радиосуна Ирандын Гераттагы консулдугу “тыңчылардын жана коррупциянын уюткусуна айланганын” айтып, ирандык дипломаттарды грант берип, өз таасирин бекемдөөдө деп сындады. Гераттын губернатору Фазлулла Вахиди виза алуу үчүн ирандык чиновниктерге пара төлөнгөнү тууралуу Ооганстандын тышкы иштер министрлигине кабарланганын билдирди.

Ирандын консулдугу “Азаттык” радиосуна бул боюнча комментарий бергенден баш тартты. Түндүк-чыгыш Иран менен чектешкен Герат провинциясы коңшу өлкө үчүн суунун булагы болуп саналат.

XS
SM
MD
LG