Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

“Т.Сатылгановдун маданий мурасы” коомдук фонду түзүлдү


Жаңы катталган фонддун төрагасы Арслан Капай уулу Койчиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, аталган фондду акын Токтогул Сатылгановдун небереси Молдожан Токтогулов түзүп жатат.

Бул саамалык акындын кийинки жылы белгилене турган 150 жылдыгына карата уюштурулду. Аталган фонд 2013-14-жылдарда өткөрө турган маданий иш-чаралардын программасын белгиледи. “Т.Сатылгановдун маданий мурасы” коомдук фондун түптөөгө кетментөбөлүк коомдук ишмерлер - Тынчтык Таабалдиев, Талант Бекжанов, Таймыр Орозов, Токтосун Мадияров ж. б. жардамдашты. (AzK)

XS
SM
MD
LG