Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

Обама: Египетке жардам кылдат каралат



Барак Обаманын айтымында, Египетке жардамды токтотуу “өлкөнүн убактылуу өкмөтү жасап жаткан иштерди өзгөртпөйт”. АКШ президенти Си-Эн-Эн телеканалына жума күнү берген интервьюда Вашингтон Египетке берилчү 1, 5 млрд. долларлык аскердик жардамды токтотуу жагын карап жатканда кылдат болуусу зарыл экенин белгилеп, жардам берүү менен АКШнын баалуулуктарына каршы келген аракеттерге көмөкчү болгусу келбейт. Барак Обаманын сөзүнө караганда, 3-июлда Египет армиясы президент Мухаммед Мурсини бийликтен кулатып, камакка алгандан кийин Ак үй ошол замат жардамды токтоткон эмес. Себеби, аскерлерди Мурсинин колдоочулары менен элдештирүү үчүн Вашингтон дипломатия жетиштүү деп ойлогон. Бирок, Египет аскерлери “мындай мумкүнчүлүктү пайдаланган жок”,- деди президент Обама. Июлдан берки кагылыштарда жүздөгөн египеттиктер курман болду. Алардын көпчүлүгү мурсичилер.

XS
SM
MD
LG