Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:28

Ош: чек арадан мыйзамсыз өткөн өзбек жараны кармалды


Ошто чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты. Өзбекстандын 18 жаштагы тургуну Араван районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан кечээ колго түшкөн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 364-беренеси – мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча кылмыш иши козголуп, сурак жүрүүдө. Кармалган жаран Кыргызстандын аймагына качан киргени азырынча белгисиз.

Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү 2010-жылдагы саясий окуялардан улам татаалдашкандыктан, эки өлкө жарандарынын арасында чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөрдүн саны өскөнүн Чек ара кызматынын маалыматтарында айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG