Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

25-августка карата аба ырайы


Кыргызстанда 25-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, калган облустардын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт.

Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…39 градус ысыйт.

Таласта түнкүсүн, 13…18, күндүз 24…29 градус ысык болот.

Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30 градуска чейин көтөрүлөт.

Баткенде түнкүсүн 11…26, күндүз 23…28 градус ысыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24 градуска жетет.

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градуска чейин жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, түнкүсүн 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18 градус, күндүзгү жогорку температурасы 27...29 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG