Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын 52 жаштагы Х.М. аттуу тургуну кара куурай өстүрүп, сатат деген шек менен милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ушул жумада өткөрүлгөн “Ууру” операциясынын негизинде, ал кишинин үйү текшерүүгө алынып, короосунан 23 түп кара куурай жана ажаткананын үстүнөн 195 грамм кургатылган маңзат табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Милициянын маалыматы боюнча, Ош облусунун аймагында маңзат сатуу менен алектенгендердин саны мурдагы жылдарга салыштырмалуу өскөн. (SE)