Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:44

Ысык-Көлдө чек арачылардын жолугушуусу болот


Ооганстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Кыргызстандын чек ара кызматынын жетекчилери Ысык-Көлдө жолугушат. “Ысык-Көл демилгеси” деп аталган бул жолугушуу 25-28-август күндөрү өтөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти. Жолугушууда Бириккен улуттар уюмунунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилигинин да катышуусу күтүлүүдө.

Жолугушуу жүрүшүндө чек ара кызматынын башчылары чектешкен аймактардагы кооптуу жагдайларды талкуулашат. Андан сырткары Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасындагы чек араларга таандык кыйынчылыктарды, түшүнбөстүктөрдү чечүүнүн бирдиктүү жолдору иштелип чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG