Ишембиде Соң-Көл жайлоосунда өткөн оппозициячыл топтордун жыйынында бийликке бир катар талаптар коюлду. Жыйын соңунда ага катышкандар атайын декларация кабыл алышты. Анда Кумтөр кени боюнча “Центерра Голд” компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу денонсациялоо, экологиялык чыгымдарды өндүрүү, учурдагы өкмөттү отставкага кетирип, элдик ишенимдеги өкмөт түзүү, айлык акыны, жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү талаптары жазылган.
Бул курултайды “Бүткүл Кыргызстан” аттуу саясий партия уюштурду. Ага ар кыл аймактардан 150гө жакын адам катышты. Саясатчылардан “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов, жакында эле депутаттык мандатынан ажыратылган “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрү Садыр Жапаров, Талант Мамытов, “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров катышты.(BkA\KE)