Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Тунисте өкмөткө каршы демонстрация болду


Тунисте миңдеген киши парламент алдына чыгып, исламчылар жетектеген өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышты. Полиция ишемби күнкү демонстрацияга 10 миңдей кишинин чогулганын билдирди. Оппозициянын лидерлери иш-чара “Эннахда” партиясына каршы бир жумалык нааразылык акцияларынын башталышы болду дешет. Антиөкмөттүк чыгуулар июлда оппозициядагы саясатчы каза болгондон кийин күчөдү. Жыл башынан бири секулярдык көз караштагы экинчи саясатчы киши колдуу болду. Оппозициядагы “Улуттук куткаруу майданы” деген коалиция өкмөт коопсуздук жана экономикалык маселелерди чече албай жатат деп сындоодо. Оппозиция жаңы шайлоого чейин техникалык өкмөт түзүүнү сунуштап жатат.

XS
SM
MD
LG