Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Йеменде аскерлерди ташыган автобуска кол салынды


Санада Йемендин аба күчтөрүнүн аскерлерин ташып бараткан автобуска болгон кол салуудан бир нече киши өлдү. Азырынча жабыркагандардын саны боюнча карама-каршы кабарлар түшүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, болжол менен 6 киши набыт кетти, ондогон адам жараат алды.

АКШнын колдоосуна ээ болгон Йемен бийлиги акыркы жылдары исламчылардын чабуулдарына туш болуп келатат. Өкмөт америкалык пилотсуз учактарга согушкерлердин базаларын бомбалоого уруксат берген. Йеменде “Араб жарым аралындагы "ал-Каиданын” жетекчилиги жайгашкан. Вашингтон бул уюмду дүйнөдөгү эң коркунучтуу террордук топтордун катарына киргизген.

XS
SM
MD
LG