Бул туурасында өткөн аптада Кыргызстандын вице-премьер министри Токон Мамытов Казакстандын аймагында кармалып жаткан кыргыз жарандарынын туугандарын кабыл алууда билдирген. Анын айтымында, бул иш боюнча бүгүн Бишкекке Казакстандан өкүлдөр келиши керек.
Андан соң 27-августта Токон Мамытов Казакстанга сүйлөшүүлөргө барат. Ал Тышкы иштер министрлигине жана Кыргызстандын Алматыдагы консулдугуна кармалган жарандардын абалынан кабар алуу тапшырмасын бергенин билдирди.
Ушул жылдын июнь-июль айларында Казакстан “чек араны бузду” деп 13 кыргызстандык жаранды кармап кеткен. Кийин алардын экөөсү бошотулган. Ушул тапта 11 жаран Казакстанда убактылуу кармоо жайларында кармалып турганы айтылууда.(BkA)