Сапары маалында Хамид Карзай Пакистандын июнда шайланган премьер-министри Наваз Шариф менен жолугаары күтүлүүдө. Шариф кызматка киришкенден тартып эле эл аралык коомчулукту Ооганстандын ички иштерине кийлигишпегендей саясат жүргүзүүгө чакырып келет. Бул жолугушууда Карзай расмий Исламабаддан "Талибанга" өз таасирин салып, Кабул менен тынчтык сүйлөшүүлөргө көндүрүүнү өтүнөт деп күтүлүүдө. Бирок Ооган президенти ишембиде сапарга жөнөөр алдындагы маалымат жыйынында бул сапардын оң жыйынтык алып келерине ишенбей турганын билдирди.
Буга чейин бир ирет Карзай Наваз Шарифтин чакыруусун четке каккан. Анда Ооган бийлиги Пакистан өкмөтү “терроризмге каршы үзүрлүү жана чечкиндүү күрөшүп, күн тартибинин чордонуна тынчтык жараянын койсо гана" бийик даражалуу делегация Исламабадга барарын билдирген болчу.