Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:52

Баткен: 19 мектеп авариялык абалда


Мындай маалыматты Баткен облустук усулдук борборунун башкы адиси Кубаныч Жолдошов билдирди. Анын айтымында, облус боюнча жалпы билим берүүчү 230дай мектеп бар. Аларга жалпысынан кезектеги оңдоп-түзөө үчүн республикалык казынадан 8 млн. сомдой бөлүнгөн. Быйылкы жылы аймакта болгону 1 мектеп имараты капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.

Ал эми 19 орто мектеп имараты авариялык абалда деген чечимди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери чыгарган. Жолдошов бул мектептерде окуу токтотулбастан башка кошумча имараттарды караштырып жатканын кошумчалады. (JsA)

XS
SM
MD
LG