Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Кыргызстан Бишкектеги жол кырсыгы боюнча Өзбекстанга нота жолдоду


Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 23-август түнү Бишкектеги Раззаков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү кызматтык машинеси "Жигули” үлгүсүндөгү унаа менен кагышканын маалымдаган эле. Кырсыктан соң элчиликтин кызматкерлери “Жигулинин” айдоочусуна кол көтөргөн.

Буга чейин бир катар интернет басылмалар машинеде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов да бар болгонун, алардын баары мас абалда экенин жазып чыккан. Бирок ИИМ машинеде элчиликтин биринчи катчысы М.Хайриддинов болгонун тастыктады.

Окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нота жолдоду. “Учурда кырсык боюнча соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө”, - деп кабарлады ТИМдин маалымат кызматы. (JAk)

XS
SM
MD
LG