Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:56

"Туратали" базарында өрт чыкты


Кечээ Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Туратали” базарында өрт чыгып, тамак-аш сатылчу 15 контейнер күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кечки саат 9да чыккан өрт эки сааттан кийин өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби жана келтирилген чыгым такталууда. "Туратали" - Борбор Азиядагы ири базарлардын бири. (МТо)

XS
SM
MD
LG