Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Сагынбаева: чек араларды жабуунун зарылдыгы жок

Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, Ак-Суу районунда кара тумоо фактысы катталганына байланыштуу Каракол-Турган-Эңилчек жолуна жана Ичке-Жергез айылына жакын жайлоого карантин жарыяланды.

Сагынбаева кара тумоо (бубон чумасы) аба аркылуу тарабагандыктан чек араларды жабуу зарылчылыгы жок экенин билдирди.

Учурда кара тумоо менен ооруган бала менен карым-катнашта болгон 105 адам изоляцияланып, Ак-Суу райондук ооруканасына жаткырылган. Тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн министрлик 1,8 млн. сом бөлгөн. (ZB/МТо)
XS
SM
MD
LG