Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Кочкордо калайман мушташ болду


Кечээ кечинде Кочкор районунун Чоң-Туз кенинде жергиликтүү калк арасында мушташ чыкты. Бул маалыматты “Азаттыкка” өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков тастыктады.

Анын айтымында, аталган туз кенине 2010-жылкы апрел окуясына чейин Кочкордун мурдагы акими Курманбек Байтереков ээлик кылып турган. Апрель окуясынан кийин кен жергиликтүү элдин колуна өткөн.

Бир канча убакыттан кийин Байтереков кенди кайтарып алуу үчүн сотко кайрылган. Иш Жогорку Сотко жетип, кайра кароого жөнөтүлгөн.

Бул арада Байтереков жергиликтүү эл менен өз ара мунасага келүүнү көздөп, 25-августта аларды Чоң-Тузга кой союп, конокко чакырган.

“Күндүз жакшынакай эле отуруп чай ичишкен экен. Анан кечинде он чакты бала келип, таш бараңга алып, чатак чыгарышкан. Бирок аксакалдар убагында токтотуп калыптыр. Бүгүн аларды жараштырганы жатабыз. Эми сот чечими чыкканча кендин ишин токтоткону жатабыз. Негизинен бул мамлекеттин жери”, - деди Муратбеков.

Учурда жергиликтүү тартип коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери башталганы маалым болду. (МТо)

XS
SM
MD
LG