Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:06

БШК электрондук урна алууну пландоодо


Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова билдирди.

Баатырованын айтымында, эгер мындай урналарды Кыргызстан колдоно турган болсо шайлоону жогорку деңгээлде, таза өткөрүүгө жол ачылмак.

“Мисалы, Латвия, Монголияда ушундай урналар бар. Шайлоочу шайлоо тилкесине келип, бармагын аппарат сканеринен өткөргөндө жанындагы экрандан ошол шайлоочунун өздүгү тууралуу маалымат чыгат. Мындай аппаратка ээ болсок, шайлоодогу кайталап добуш берүүгө бөгөт коюлмак. Ошондой эле, электрондук урна бюллетенди өзү эсептеп, протокол түзө алат”, - дейт Баатырова.

Азырынча электрондук урналардын Кыргызстанга качан келери белгисиз.

БШК учурда шайлоолорду ачык жана таза өткөрүү үчүн дүйнөлүк тажрыйба менен таанышууда. Электрондук урна тууралуу Латвиянын шайлоо системасы менен таанышып жатканда маалымат алышкан. (МТо)

XS
SM
MD
LG