Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:28

Жалал-Абад: “Ата-Журттун” мүчөлөрүнүн соту жылды


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, бүгүнкү жараянда партиянын аймактагы активисттери Медер Үсөновдун, Шайырбек Ташиевдин, Жеңишбек Токторбаевдин, Абсатар Сыргабаевдин соту 4-сентябрга белгиленди.

Алар бийликти күч менен басып алган, күч менен басып алууга чакырган жана массалык башаламандык уюштурган деп күнөөлөнүүдө. Анда көрсөтмө берген соттолуучулар 31-майда облбийлик имаратын курал-жарак менен ээлеп алуу болбогондугун, ал окуяда облбийлик же күч уюмдарынын өкүлдөрүнүн арасынан эч ким жабыр тартпагандыгын, өздөрүнүн бийликке баруу ниеттери болбогондугун
билдиришти.

Облустук бийлик өкүлдөрү болсо күнөөлүүлөрдү таап,жергиликтүү администрация тарткан 164 миң сомдук материалдык чыгымды өндүрүп берүүнү соттон өтүндү.

Ушул жылдын 31-майында Жалал-Абадда Кумтөр жана камалган депутаттар боюнча нааразылык акцияга чыккандар облустук акимчиликти басып алган. Анда Медербек Үсөнов “элдик губернатор” деп жарыяланган. Кийин Үсөновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алганда, митингчилер Барпы айылынын тушундагы Ош-Бишкек жолун бууган. (YA\BkA)

XS
SM
MD
LG