Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Түркияда өзбек оппозиция башчысынын үйү аткыланды


Түркияда өзбек оппозициясынын лидери Мухаммад Салихтин үйү аткыланды. Бул тууралуу Салих жетектеген Өзбекстандын Элдик кыймылынын сайтында жазылып турат. Чабуул 24-августта түнү болгон, эч ким жабыр тарткан жок. Үйдүн айнектери сынган, октун көбү каалгага тийген.

Өзбек кызматына берген маегинде Салих болжолдуу түрдө эки адам киргенин кабарлады. Бирок алар ким болушу мүмкүн экендигине саясатчы токтолгон жок, мунун себебин фактынын жоктугу менен байланыштырды.

Мухаммад Салих акын жана саясий ишмер катары таанымал. 1993-жылы мамлекетке кыянатчылык келтирди деп күнөөлөнгөн соң Азербайжанга, андан кийин Түркияга качкан. Кийин кутум уюштурганга даярданган деп 15 жылга сырттан кесилген. (AiK)

XS
SM
MD
LG