Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:40

АКШ Сирияда химиялык курал колдонгондорду жазалоону талап кылды


АКШ өткөн аптада Сирияда кайсы тарап химиялык курал колдонсо, жоопкерчиликке тартылышы керек деп билдирип чыкты. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри дүйшөмбүдө АКШ Сирияда химиялык курал колдонулганы тууралуу далилдерге ээ экенин айтып, Башар Асаддын режимин бул далилдерди жок кылууга аракет кылды деп сындады. Анын айтымында, президент Барак Обама өнөктөш өлкөлөр менен 21-августтагы химиялык чабуулга кандай чара көрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат.

Ал ортодо Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун резолюциясы жок Сириянын ички ишине кийлигишүү эл аралык укукту буза турганын эскертти. Бирок Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг эгерде химиялык курал колдонулганы чын болсо, эл аралык коомчулук БУУнун Коопсуздук кеңешин күтпөй эле чара көрөрүн жарыялады.

Өткөн шаршембидеги чабуулдан Сирияда 300дөн ашык адам апаат кеткен. Оппозиция Башар Асад режими химиялык курал колдонсу десе, Дамаск өкмөтү газ чабуулу тууралуу дооматтарды четке кагып, аны козголоңчулардын чагымы катары баалап жатат.

XS
SM
MD
LG