Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Ооганстан Пакистандан ортомчу болууну өтүндү


Ооганстандын президенти Хамид Карзай Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифтен Кабул менен талибдердин тынчтык сүйлөшүүсүн уюштурууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Бул тууралуу эки лидер дүйшөмбүдө Исламабадда жолугушуусунда талкуулады.

Жолугушуу аяктаган соң Карзай алар терроризмге каршы биргелишип күрөшүүнү жана аймакта тынчтык орнотуунун жолдорун талкуулаганын билдирди. Шариф болсо жолугушуу эки өлкөнүн алдында турган коркунучтарга жана мүмкүнчүлүктөргө арналганын кошумчалады.

Буга чейин эле Хамид Карзай Пакистандын жаңы шайланган премьер-министринен "Талибанга" өз таасирин салып, Кабул менен тынчтык сүйлөшүүлөргө көндүрүүнү өтүнөт деп күтүлүп жаткан. Карзайдын маалымат катчысы Эймал Файзи Шариф бүгүн да сүйлөшүүнү улантып, кеңири чөйрөдө жолугууну сунуштаганын шардана кылды.

XS
SM
MD
LG