Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Кыргыз-тажик милиция башчылары чек арадагы кырдаалды талкуулашууда


Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абалды талкуулоо үчүн Баткен жана Согди облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери жолугушууда. Анда акыркы үч күндө Тажикстандын Хожо-Алъо айылынан өтүп бараткан кыргыз жарандарына тиешелүү эки машиненин айнектеринин талкаланышы, 20-августка караган түнү Тажикстандын Чорку айылындагы бир үй-бүлөдөн 4 кишинин атып өлтүрүлгөнү боюнча иликтөө иштеринин жүрүшү талкууланат.

Мындан тышкары 24-августта кыргыз-тажик чегинде тажик күч кызматтары 11 килограмм жардыргыч зат менен кармаган Баткен районунун Паскы-Арык айылынын эки тургуну тууралуу да сөз болот.

Чек арадагы кырдаалдын курчуп баратышын талкуулап, жергиликтүү калкты жолугуштуруу үчүн жакынкы күндөрү Тажикстан аймагында кеңири жолугушуу өткөрүүгө да аракеттер болуп жатканын "Азаттыкка" өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. (JsA)

XS
SM
MD
LG