Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Акун: Ош аркылуу өткөн өзбекстандык мигранттардын укугу тебеленүүдө


Укук коргоочу Турсунбек Акун Орусия же башка өлкөлөрдөн келаткан өзбекстандыктар Оштун аба майданы, чек ара бекети аркылуу өткөндө ур-токмокко алынып, тонолоорун айтып чыкты. Турсунбек Акунга мындай маалыматты Өзбекстан бир тараптуу жаап салган “Достук” чек ара бекетине барганда өзбек чек арачылары айткан. Акун “бул маалыматты Ош шаардык милициясынан да тастыкташты, бирок тонолгондор арызданбагандыктан көмүскө калып келатканын айтты”, - дейт.

Укук коргоочу кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук" бекетинде кыргыз чек арачылары өзбекстандык жарандарга, ал эми өзбек чек арачылары кыргызстандыктарга ыдык көрсөтүп жатканын билдирди.

9-августтан тарта Өзбекстан Оштогу "Достук" жана Кадамжайдагы "Кадамжай" өткөрмө бекеттерин жапкан. Ошондон бери бул бекеттер аркылуу үчүнчү өлкөлөрдүн гана жарандарына жана Өзбекстандан чакыруусу барларга өтүүгө уруксат берилген. Муну коңшу өлкө 1-сентябрда белгиленчү эгемендик майрамына даярдык менен түшүндүргөн. (AKu)

XS
SM
MD
LG