Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Ошто мыйзамсыз иштеген казино ашкереленди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди. “Шаардык милициянын мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы иш алып баруу бөлүмүнүн кызматкерлери Масалиев көчөсүндө жайгашкан “Эгеймс” деп аталган казинонун мыйзамсыз иштеп жатканын аныкташты. Казинодо негизинен интернеттин жардамы менен кумар оюндары онлайн ойнотулуп келген. Операциянын натыйжасында казино жабылды”, - дейт Сыдыков.

Мындан сырткары милиционерлер казинонун компьютердик техникасын далил катары алып кетишти. Казинонун ээлерине Кылмыш кодексинин 159-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. (ErN)

XS
SM
MD
LG