Эгемендикке карата Бишкекти тазалоо, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. Негизги көчөлөр жана имараттар жасалгаланып жатат. Райондук жергиликтүү башкармалыктар арасында Эгемендик күнүнө арналган иш-чаралардын сынагы өтөт.
31-августта “Ата-Түрк”, “Панфилов”, Кара-Жыгач жана башка парктарда оюн-зоок, ыр-бийлер, улуттук оюндар уюштурулат. Борбор калаанын музейлеринде жана китепканаларында Кыргызстандын эгемендигине, мамлекеттүүлүгүнө арналган сүрөт көргөзмөлөр ачылат. Ушул эле күнү Ала-Тоо аянтында чоң концерт жана башка иш-чаралар болот.
Быйыл Кыргызстан көз карандысыздыгынын 22-жылын белгилейт. (AKu)