Вице-премьер-министр Токон Мамытов Казакстанда камалып турган кыргызстандыктардын жакындарын эртең кабыл алат. Казак чек арачылары менен кечээ Ысык-Көлдө жолукканына байланыштуу ал эртең Казакстанга барбай калды.
Ысык-Көлдө 26-августтан бери Борбор Азиядагы жана Ооганстандагы чек ара коопсуздугу боюнча жыйын өтүп жатат. Ага Ооганстандан, Түркмөнстандан сырткары казак чек арачылары да келген.
Ушул жылдын июнь-июль айларында Казакстан “чек араны бузду” деп 13 кыргызстандык жаранды кармап кеткен. Кийин алардын экөө бошотулган. Ушул тапта 11 жаран Казакстандын убактылуу кармоо жайларында кармалып турганы айтылууда. Жакындары аларды мал издеп жүргөн жеринен кармалганын билдиришүүдө. (AKu)